13 октябрь 2024
Кароолор: 122
БАТКЕН ОБЛУСУНА ЖАНА БАТКЕН ШААРЫНА 25 ЖЫЛ
Баткен шаарынын борбордук стадионунда чоң программадагы маданий иш чара башталды
Алгач параддан бардык тармактын өкүлдөрү, Баткенден чыккан КРнын эмгек сиңирген атуулдары,Баткен облусунун ардактуу атуулдары, 25 жашка толгон 25 жаш кыз жигиттер жана башкалар өтүп майрамды шаңга бөлөдү.
Андан соң Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсүнөн тартып, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүккө чейинки узак жолун,Баткен облусунун түзүлүүсү, чейрек кылым тарыхы театрлаштырылды.