13 февраль 2026
Кароолор: 6
БАТКЕН ОБЛУСУНА 43 ДААНА ЖОЛ ТЕХНИКАЛАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 11-февралда “Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоорунун алкагында техника тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити, Кыргыз Республикасындагы JICAнын туруктуу өкүлү Нишигато Котаро, Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен Баткен облусуна 43 даана
жол куруу жана тейлөө техникалары тапшырылды.
Ошондой эле Баткен районунда саатына 35 тонна өндүрүмдүүлүккө ээ асфальт-бетон заводу орнотулду.
Айбек Шаменов өз сөзүндө, “биз бул кызматташууну жогору баалайбыз, анткени Япония биздин өлкөдөн алыс жайгашканына карабастан, ар дайым биздин жаныбызда экенин далилдеп турат. Жайка агенттиги бардык багыттарда өнөктөштүктү кеңейтүүдө ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, асфальт-бетон заводунун ишке кириши жаңы жолдорду куруу, оңдоо үчүн керектүү материалдарды өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми заманбап жол-транспорт техникалары жолдорду тейлөө иштерин кыйла ылдамдатат.
2025-жылы Баткен облусунда 84чакырым жол асфальтталып,56км шагыл жол курулган.
Ал эми быйыл 300км жолду асфальтоо жана 100км шагыл жол куруу жана оңдоо каралууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы