25 июль 2025
Кароолор: 12
Баткен облусу жарым жылды жыйынтыктады

Баткен облусунун 2025-жылдын 6-айы ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын караган облустук коллегия өттү.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде өткөн коллегияга облус активи катышып, 6 ай аралыгындагы аткарылган иштер талкууланды.
2025-жылдын январь-июнь айында өнөр-жай ишканалары тарабынан 4596,5 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 126,4% түздү, айыл-чарбасы 8842,3 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,7 % түздү.
27057 га кылкандуу дан эгиндери себилип, учурда 13490 га жыйналды же 50%га аткарылды.
6-айы ичинде жалпысынан Баткен облусуна 1345,1 млн. сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо планы белгиленсе, иш жүзүндө 1466,1 млн сом аткарылып 109,0 % түздү, же болбосо планга салыштырмалуу 120,9 млн. сомго көп чогултулган.
Объектилерди куруу, кайра куруу жана техникалык жактан жабдуу иштерине 2 млрд 490 млн сом капиталдык салым өздөштүрүлдү.
78 киреше алып келүүчү жаңы ишканалар ачылды. Алардын ичинен өнөр жай продукцияларын өнурүүчү 15 кичи ишкана, айыл чарба продукциясын өндүрүүчү 1 ишкана, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 7 ишкана, кызмат көрсөтүүчү 36 ишкана жана 17 жаңы соода борбору ачылды. Натыйжада 349 жумуш оруну түзүлдү. Аларды куруп ишке киргизүү үчүн 349 млн. сом жеке инвестиция өздөштүрүлдү.
Ал эми жалпы мамлекеттик ишканаларды кошкондо, 4738 кошумча жумуш оруну түзүлгөн.
Жарым жылда Баткен үчүн маанилүү иштер жана тарыхий учурлар орун алды. Алардын негизгилерине токтолсок;
-Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара келишими кабыл алынды.
-Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек аралары расмий ачылды.
-Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду.
-Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштери жүрүп жатат
-“Жаңы Баткен” шаарын куруу боюнча долбоорлоо, жерин трасформациялоо жана аймактык территориалдык реформа иштери жүрүүдө
-Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына Жаңы Достук айылы курулууда
-Баткен шаарында 10 миң адамга ылайыкталган футбол стадионунун курулушу жүрүп жатат
-“Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Батирлердин жалпы саны 4272ни түздү.
-Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сом акча каражатына жол, таза суу, сугат суу, киреше алып келүүчү өндүрүш ишканалары, туристтик обьекттер курулууда.
-“Алга Кадам” ирригациялыкк ири долбоору үчүн мамлекеттик бюджеттен жалпы 1 млрд млн сом бөлүнүп берилип, иш алып барылууда.
-Облуста 13 ири өнөр жай долбоору ишке ашууда.
-2025-жылга карата социалдык келишим боюнча Баткен облусуна бөлүнгөн квотанын жалпы саны 2054 үй-бүлөнү түзөт. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 446 үй-бүлөгө келишим түзүлүп, 150 000 сомдук сертификаттары тапшырылып берилди.
Коллегиянын жүрүшүндө облус башчысы Айбек Шаменов, аким мэр, айыл өкмөттөрү жана мекеме ишканалардын жетекчилеринин алты ай аралыгында аткарган иштери боюнча жетишкендиктерди жана кемчиликтерди белгилеп, жылдын экинчи жарымында бардык тармактардагы көйгөлөрдү четтетип, белгиленген иш пландарды аткарууну тапшырды.