08 апрель 2024

Кароолор: 4

Баткен облусу үч жылда 200дөн ашуун техника менен камсыз болду

Акыркы үч жылда мамлекеттин колдоосу жана жергиликтүү бийликтин аракети менен Баткен облусунун бардык тармактарынын материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Натыйжада облуска 205 техника келген. Алар,

-Ички иштер тармагына 32 кызматтык унаа берилди. Алар аймактык тескөөчүлөр үчүн, мед кызматы үчүн, көчмө кабылдама үчүн кызматтык унаалар.

-Өзгөчө кырдаалдар тармагына 26 техника берилген. Алар жүк ташуучу, өрт өчүрүүчү, авариялык-куткаруу унаалары, автобустар.

-Жол тейлөө тармагына 21 техника берилген. Алар жол ондоо жана жол куруу үчүн техникалар, таш майдалоочу жабдык, музга каршы туз чачуучу, кардан тазалоочу механизм берилген.

Энергетика тармагы 11 техника менен камсыз болгон. Алар жүк жүктөөчү-экскаватор, камаз, жүк ташуучу унаа, жүк көтөрүүчү кран, бригадалык унаа.

Саламаттыкты сактоо тармагына 36. Алар тез жардам унаалары,

санитардык автоунаалар, вакцина ташуучу муздаткычтуу унаалар.

Баткен бажысына 4. Кызматтык унаа.

Маданият тармагына 1. Кичи автобус

Массалык маалымат каражаттар тармагына 1. Кызматтык унаа

Баткен аэропортуна 1. Кар тазалоочу трактор.

Райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар жана айыл өкмөттөрүнө 72. Алар коомдук транспорттор, айыл чарба техникалары жана кызматтык унаалар.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы