11 август 2023
Кароолор: 113
Баткен облусу селден жабыркаган Түп районуна жардам көрсөтөт
Баткен облусундагы мамлекеттик кызматкерлер Түп районунун дарегине бир күндүк маянасын которууну чечти.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, облустун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондук мамлекеттик администрацияларынын жана Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык мэрияларынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон селден жабыркаган элге бир күндүк маянасын которуу боюнча чечимди профсоюздук отурумдардын жыйынтыгы менен кабыл алышты.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 7-августунда Түп районунун бир катар айылдарында сел жүрүп, жашоочулар ири көлөмдө материалдык чыгымдарга дуушар болгон.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы