08 апрель 2024

Кароолор: 3

Баткен облусу Монголиянын Дундгов аймагы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуяг, Монголиянын Дундгов аймагынын өкүлдөр жыйынынын төрагасы Сандаг Одэрдэне,

Дундгов аймагынын өкүлдөр жыйынынын мүчөсү Пэрэнлэй Бямбалхагва мырзалар, Баткен облусуна жумушчу сапары менен келишти.

Монголиядан келген делегациясы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолукту.

Облус башчысы өз сөзүндө, Кыргыз Республикасы менен Монгол Республикасынын жетекчилигинин, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Баткен менен Дундгов аймагынын жаратылыш шарттарынын окшоштугун эске алып, ар тараптуу кызматташууга мүмкүнчүлүктөр кенен экенин белгиледи.

Жолугушууда Монголиянын мал чарбасынын өнүгүүсү тууралуу сөз болуп, тыбыт багытындагы эчки багуу боюнча тажрыйба алмашуу макулдашылды. Бул багытта Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгындагы «Тегирмен-Башы» асыл тукум эчки чарбасы потенциал катары белгиленип, үстүбүздөгү жылдын күз айларына, Монголиядан тыбыт багытындагы эчкилерди алып келүү жагы сүйлөшүлдү.

Ал эми Баткенден Монголия Республикасынын Дундгов аймагына өрүк жана бадам көчөттөрүн жеткирүү макулдашылды.

Жолугушуу соңунда А.Алимбаев, монгол делегациясын ушул жылдын октябрь айында Баткен шаарында өтүүчү 2-инвестициялык форумга чакырды.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Монголиянын Дундгов облусунун администрациясынын ортосунда кызматташууну орнотуу ниети жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Баткенге болгон сапарында монгол делегациясы Баткен шаарындагы эчки кооперативинде, өрүк бактарында болуп, жергиликтүү багбандар менен жолугушту. Ошондой эле Кадамжай районундагы көчөт кооперативдеринде болушту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы