15 апрель 2025

Кароолор: 8

Баткен облусу менен Өзбекстандын чектеш аймактары ортосунда кызматташуу активдүү уланат

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолукту.

Тараптар Баткен облусу менен Өзбекстандын жакынкы облустарынын ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Анын ичинде соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө боюнча пикир алышышты.

Жыйынтыгында жакынкы убактарга пландалган кыргыз-өзбек-тажик элдеринин катышуусундагы Эл аралык ыр фестивалын Баткен шаарында уюштуруу, маданий гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча сүйлөшүштү.

Ошондой эле кошуна элдин карым катнашын бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү үчүн Өзбекстандын жакынкы облустары менен Баткен облусунун ортосунда маршруттук каттамдарды уюштуруу маселесин ортого салышты.

Ал эми жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ишкерлер ортосунда байма-бай жарманкелерди өткөрүү зарылчылыгын белгилешти.

Айбек Шаменов менен Зафарбек Ахмедов, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин, буга чейинки эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча кол койгон документтерине ылайык, бардык багыттарда зор мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, ар тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө ынтызарлыгын жана ишенимин билдиришти.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы