12 февраль 2026
Кароолор: 3
Баткен облусу менен Юнисеф уюму, майыптуулугу бар балдарды калыптандыруу багытында кызматташат
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Юнисеф уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолукту.
Облус башчысы Юнисеф уюмунун билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо багытындагы колдоолору үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы кызматташуу жолунда, майыптуулугу бар балдарды калыптандыруу, бул багытта адистердин жетишсиздик көйгөйлөрүн жеңилдетүүнү сунуштады. Тагыраагы балдар невропатологу, дене тарбия жана адаптациялык дене тарбия (ЛФК, АФК) боюнча адис, сенсордук интеграция боюнча адис, логопед-дефектолог, АВА-терапия боюнча адис, психолог, физиотерапевт адистерин даярдоо учур талабы экенин белгиледи.
Тараптар оорулуу балдардын өсүп өнүгүүсү үчүн шарттарды жакшыртуу максатында, пилоттук негизде эки айыл өкмөттө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыптандыруу боюнча ата-энелерди окутуу, иштеп жаткан калыптандыруу борборлорунда тажрыйба топтоосун уюштурууну талкуулашты.
Белгилей кетсек, Баткен облусунда майыптуулугу бар 3150 бала катталган. Облуста 3 күндүзгү реабилитациялык борбор жана 2 мамлекеттик атайын көмөкчү мектеп-интернат иш алып барат. Баткен районунда калыптандыруу борбордун жоктугу олуттуу көйгөй жаратып келет, анткени бул райондо 500дөн ашык ДМЧ бала жашайт.
Жыйынтыгында тараптар бүгүнкү жолугушуу жалпы максаттарды ишке ашыруудагы кезектеги маанилүү кадам болот деген ишеничин билдиришти.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы