17 ноябрь 2025
Кароолор: 5
Баткен облусу менен Индия өлкөсүнүн ортосунда 126млн сомдук долбоор ишке ашат
Бүгүн Бишкек шаарында «Баткен облусунун Лейлек районундагы Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун техникалык базасын түзүү жана инфраструктурасын жакшыртуу» долбоору боюнча үч тараптуу Меморандумга кол коюу аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы – Өзгөчө жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.
Индия өлкөсү каржылаган, гранттык долбоордун суммасы 126 млн сомду түзөт.
Мындан сырткары тараптар, Баткен облусунун аймагында, дарылык касиетке ээ болгон баалуу ферула өсүмдүгүн өстүрүү жана кайра иштетүү багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы