23 апрель 2025
Кароолор: 7
Баткен облусу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын кызматташтыгы дагы өнүгөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда ыйгарым укуктуу өкүл, Баткен облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан ар кандай долбоорлорго Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы тарабынан көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазылык билдирди. Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу боюнча актуалдуу маселелер кеңири талкууланды.
Жолугушуунун негизги темаларына төмөнкүлөр кирди:
• Жаштарга билим берүү
• Санариптештирүү
• Саламаттыкты сактоо
• Туризмдин өнүгүүсү
• Айыл чарба тармагында инновациялар (мисалы, тамчылатып сугаруу системалары)
• Климаттын өзгөрүшү
• Калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу
Жолугушуу конструктивдүү жана өз ара түшүнүшүүдө өтүп, тараптардын ортосундагы кызматташтыкты активдүү улантуу макулдашылды.