30 июль 2025

Кароолор: 8

Баткен облусу Юнисеф уюму менен кызматташтыгын жандантат

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Юнисеф уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолукту.

Айбек Шаменов Баткен облусу ЮНИСЕФ менен алдыда балдардын укугун коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарында активдүү кызматташууга даяр деп белгиледи.

Тараптар жолугушууда, балдардын саламаттыгы, майыптуулугу, тамактануусу, аларга болгон зордук зомбулук, адистердин жетишсиздиги темаларында сүйлөшүп, бул багытта көйгөйлөрдү жеңилдетүү боюнча кызматташтыкты улантууну жана балдардын өсүп өнүгүүсү үчүн шарттарды жакшыртууну макулдашышты.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды калыптандыруу, коомго аралаштыруу багытында шарт түзүү зарылчылыгын белгилешти.

Алар кызматташтыкты чыңдоо, кеңейтүүгө ишеничтерин билдиришти.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы