03 декабрь 2025

Кароолор: 5

Баткен облусу Гуд Нейборс уюму менен бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды

Бүгүн Ош шаарында, 2021-2025-жылдарга карата “Айылдарды Комплекстүү Өнүктүрүү” долбоорунун натыйжаларын бөлүшүү форуму өттү.

Аталган форум Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Эл аралык Гуд Нейборс уюму тарабынан уюштурулду.

Иш чаранын максаты, буга чейинки беш жылдык долбоордун жетишкендиктерин жана таасирин белгилөө жана бардык катышуучулардын биргелешкен аракеттерин баалоо болду. Ошондой эле өнөктөштүктү бекемдөө жана акыркы беш жылдагы ийгиликтерге таянуу менен келечектеги кызматташуу үчүн диалог түзүү.

Форумга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев катышып, Корея эл аралык кызматташтык агенттиги жана «Гуд Нейборс » уюмуна кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган уюмдар Баткен облусунун аймагында, жергиликтүү жамааттардын билим берүү, саламаттыкты сактоо, суу жана санитария, киреше алып келүүчү жана бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырган.

Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму, 2019–2022-жылдары Гуд Нейборс KOICAнын каржылык колдоосу менен «Берекелүү аймак» аттуу эл аралык долбоорду ишке ашырды. Натыйжада Ош жана Баткен облустарындагы 30 айылда инфраструктуралык объектилер жакшыртылып, 15 айылда айыл чарба бизнес-долбоорлору түзүлдү.

Жалпы бюджети 3,3 млн АКШ долларын түзгөн долбоор, Кыргызстан менен Корея Республикасынын өнөктөштүгүнүн алкагында гранттык негизде ишке ашырылган.

2021-жылдын сентябрынан тартып Гуд Нейборс менен Айылдарды Өнүктүрүүнүн Комплекстүү Долбоору ишке ашырылды.

8,8 млн АКШ долларын түзгөн долбоордун максаты, Кыргыз Республикасында аз камсыз болгон райондордо инклюзивдүү жана туруктуу агросекторду түзүү аркылуу жакырчылыкты азайтуу болду. Баткен облусунан бул долбоорго төрт айыл өкмөтү кирди. Бул аймактарда долбоордун алкагында, ирригациялык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылды.

2024-жылдын сентябрынан тартып Төрт-Гүл Айыл Өкмөтүндө алма жана өрүктү 500 тоннага чейин сактоого мүмкүн болгон Логистикалык Борбордун курулушу башталды жана борборду башкаруу үчүн кооператив түзүлдү. Долбоор тарабынан 15 000 000 сом, мамлекет тарабынан 11 000 000 сом каржыланды.

Бул долбоор Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Гуд Нейборс Интернэшнлдин жергиликтүү жамааттарды жана айыл чарбасын өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлорунун бири болуп саналат.Алдыда 2026–2030-жылдарга экинчи этап, 2031–2035-жылдарга үчүнчү этапты ишке киргизүү каралууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы