22 апрель 2024

Кароолор: 2

Баткен облусу 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн 22-апрелде Баткен облусунун 2024-жылдын 1-квартал ичинде социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын караган облустук коллегия болуп өттү.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги менен өткөн коллегияда аппараттын бөлүм башчылары өз тармактары боюнча маалымат берди. Район-шаар башчылары коллегияга онлайн катышты.

Облус башчысы тийиштү жетекчилерден салык топтоо, жер мунапысы, таза суу, сугат суу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды. Жыйынтыгында төмөнкүдөй тапшырмаларды койду.

-Инвестиция тартууга өзгөчө көңүл буруу

-Туризмди өнүктүрүүдө болгон потенциалды пайдаланып иш алып баруу

-Туризм тармагындагы тейлөөгө көңүл буруу, окутууларды уюштуруу

-Табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүү

-Баткен шаарында буга чейин жасалган таза суу долбоорун шаардын балансына өткөрүп алуу маселесин аягына чыгаруу

-Облус борборун көрктөндүрүү

-Жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдөө, айлана чөйрөнү тазалоо, өздүк гигиена боюнча түшүндурүү иштерин жүргүзүү

-Дарыгерлердин жетишпестик маселесинин үстүндө иш алып баруу

-Үй тибиндеги бала бакча ачууну активдештирүү

-“Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында отургузулган бак дарактардын көчөттөрүн көктөтүү.

Белгилей кетсек,

-Өнөр-жай ишканалары тарабынан 2024-жылдын январь-март айларында 1612,1 млн сомдук продукция өндүрүлгөн.

-Айыл-чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 2588,0 млн. сомду түзгөн.

-“Капиталдык салымдар” беренесине ылайык титулдук тизмеде 59 объект каралган, 25 объект капиталдык курулуш, 14 объект капиталдык ондоп түзөө, 9 объект таза суу түтүкчөлөрүн тартуу жана 11 объект долбоордук сметалоо объектилери. Капиталдык салымдардын иштетилиши 873,9 млн сомго барабар болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата 2,3 эсеге өскөн.

-Жер мунапысы боюнча 2024-жылдын 12-апрелине карата жалпы кабыл алынган арыздардын саны 6139, анын ичинен доскаларга илингени арыз 5863, техникалык паспорт берилгени 3103, мамлекеттик акт берилгени 3420. Райондук мамлекеттик администрациялардын чечимдери менен 452,7 га, мамлекеттик акт берилген жерлердин аянты 348,8 ганы түздү.

-Салык топтоо боюнча Баткен облусуна 620,0 млн. сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, 622,4 млн. сом чогултулуп план 100,4% аткарылган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы