18 июль 2025

Кароолор: 18

Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Бүгүн Баткен шаарында Баткен облустук прокуратурасынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземи өттү.

Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, облус прокурору Абай Молдокматов жана облустук жетекчилер, прокуратура кызматкерлери, куруучулар катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө, бул имараттын пайдубалынын түптөлүшү — өлкөбүздөгү мыйзамдуулуктун жана адилеттиктин бекемделишине арналган маанилүү учур деп белгилеп, имарат- укуктук мамлекеттин бекем пайдубалы катары, өлкөбүзгө көп жылдар бою кызмат өтөсүн деген каалоосун билдирди.

Административдик имарат эки кабаттуу болуп курулуп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен курулат.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 140млн сомду түзөт.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы