24 февраль 2026

Кароолор: 8

Баткен областтык өнүктүрүү фонду тарабынан өткөн жылы 6 долбоор ишке ашып, 4 жеке ишкерге арзан насыя берилди

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, 2025-жылы Баткен облустук өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашкан долбоорлордун аткарылышын жеринде көрүп келди.

Алар;

1. “Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана МСЭК бөлүмүнүн жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоору

2. “Кызыл-Кыя шаардык тазалык мекемесине заманбап атайын көчө тазалоочу унаа сатып алуу” долбоору

3. “Самаркандек айылындагы №34 лицейдин имаратын оңдоп түзөө” долбоору

4. “Раззаков шаарынын Ак-Булак айылындагы ички көчөнүн 203 м жана Алтын-Бешик айылынын көчөсүнүн 381м аралыгына асфальт төшөө ” долбоору

5. “Баткен ӨКМне авариялык куткаруучу унааны сатып алуу” жана куткаруучу шаймандарды сатып алуу долбоору

6. Баткен шаарына көчө тазалоочу унаа, оор жүк ташуучу КАМАЗ жана унаа жүктөөчү эвакуватор манипулятор сатып алуу долбоору.

Долбоорлого жалпы 25401 750 сом каржыланды.

Мындан сырткары төрт ишкерге 5 жылдык мөөнөткө 2% менен жалпы 18 млн сом насыя берилди. Алар;

1. Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Исфайрам айылына "Сардал Эне" үй тибиндеги бала бакчасын куруу

2. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылына бала бакча куруу

3. Сүлүктү шаарынын Сүлүктү Полимер жоопкерчилиги чектелген коомуна, сырье сатып алуу үчүн

4. Нан азыктарын бышыруу үчүн жабдууларды сатып алуу үчүн.

Мындай долбоорлор быйыл 2026-жылда дагы ишке ашырылат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы