20 октябрь 2023
Кароолор: 63
Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин 30 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди

Салтанатка КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер,мектептин мугалимдер жамааты, окуучулар, буга чейинки бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер катышты.
Алгач жетекчилерге мектептин тарыхы жана жетишкендиктери тууралуу мугалимдер трабынан кеңири маалымат берилди.
Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, мугалимдер жамааты менен окуучуларды, мектептин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.
“Сиздердин мектеп, эң алдыңкы билим берүү мекемеси катары аймакта эле эмес, республикага белгилүү.
Жыл сайын түрдүү билим таймаштарында сиздердин мектеп окуучулары байгелүү орундарды камсыздап, бизди да сыймыкка бөлөп келет. 30 жыл аралыгында бул мектептен миңдеген мыкты балдар кыздар тарбияланып чыкты. Алар азыр облусубуздун, өлкөбүздүн көп тармактарында эмгектенип, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп келет. Облустук, республикалык предметтик олимпиадалардын, жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, “Алтын тамга”, “Алтын сертификаттардын” ээси болгон окуучуларды тарбиялоо зор эмгек. Чынында мектепте өз кесибинин мыктылары эмгектенет” деп белгилеп, мугалимдер жамаатына терең ыраазычылык билдирди.
“Албетте алдыда дагы да сиздерден үмүтүбүз чоң. А биз болсо ар дайым билимге умтулган жаштарды ар тараптуу колдоого даярбыз. Гимназия мектебибиз өнүксүн өссүн. Мектептен Кыргызстанды өнүктүрүүгө ынтызар болгон улан кыздар чыга берсин” деп белгиледи.
Ошондой эле мектепте үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге сыйлыктарын тапшырды.
Белгилей кетсек, облустук гимназия-жатак мектеби 1993-жылы демилгечил мугалим Ашыралы Ысмановдун аракети менен түзүлгөн. Ал аймактагы чыгармачыл, тажрыйбалуу мугалимдердин башын бириктирип, алдыңкы окуучуларды топтоп, тереңдетип билим берүүнү колго алган жана мектептин алгачкы директору болгон.
Ошол кезде жаңы түзүлгөн мектеп кыска аралыкта, тагыраагы беш жыл ичинде билим сапатын дээрлик 100%га жогорулата алган.
Ошол кезден тарта мектеп сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүдө башкаларга зор үлгү болуп келет.
Мектепте 3 КР эмгек сиңирген мугалими, 4 КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси, 14 билим берүүнүн мыктысы эмгектенет.
Мектептин 2 окуучусу Эл аралык олимпиадалардын байгелүү орундарына татыган. Акыркы 3 жылда 3 окуучу Алтын Сертификаттын ээси болгон. Республикалык предметтик олимпиадаларда 1-орунду 19 окуучу, 18 окуучу 2-орунду,22 окуучу 3-орунду, 20 окуучу 4-орунду ээлеген.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы