11 март 2024

Кароолор: 2

Баткен милициясына кызматтык унаалар тапшырылды

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө, айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү 16 кызматтык унааны тапшырылды.

Салтанаттуу иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, район шаар башчылары,ички иштер органдарынын кызматкерлери катышты.

Жетекчилер кызматтык унааларды салтанаттуу тапшырып,ички иштер тармагынын техникалар менен камсыз болушу, алыскы аймактарда иш алып барып жаткан тартип сакчыларынын ишин илгерилетүүгө зор өбөлгө болоорун белгилешти.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы