20 октябрь 2023
Кароолор: 46
Баткен менен кызматташуу үчүн Екатеринбургдан ишкерлер келди

Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында өткөн “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперацияларынын жаңы горизонттору” кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясынын алкагында Баткен облусу менен Россия Федерациясынын Свердловск облусунун ортосунда кол коюлган кызматташтыкты орнотуу боюнча ниеттенүү меморандумуна ылайык, Екатеринбург шаарынан “Флагман” кампаниясынын директору Евгений Розенблид Баткен облусуна атайын сапар менен келди.
Ишкер облус аймагынан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын жеринде көрүп чыгып, дыйкандар, багбандар жана фермерлер менен жолукту.
Ошондой эле айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен чакан ишканалардын ишмердүүлүгү менен да таанышты.
Баткенге болгон сапарынын жыйынтыгы менен ишкер аймактан Екатеринбургга өрүк, алма, курма жана сабизди экспорттоо жаатында кызматташууга ынтызаарлыгын билдирди.
Ишкер Евгений Розенблид менен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Азизбек Адылбеков кызматташуу жаатындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу баарлашып, кеңири маалымат берилди.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы