26 август 2025
Кароолор: 21
Баткен менен Фергананын жол картасынын аткарылышы талкууланды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Фергана облусунан келген делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын ортосунда кызматташуу боюнча бекитилген «жол картасында» белгиленген милдеттерди ишке ашыруу багытында маселелер талкууланды.
Андан соң Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Фергана облусунун акиминин орун басары Хуршед Ахмедовдор баштаган эки тараптын тийиштүү жетекчилеринен турган топ, белгиленген инфраструктуралык долбоорлорду жеринде талкуулап,ишке ашырууну тездетүүнү макулдашышты.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы