28 январь 2026
Кароолор: 9
Баткен – инвесторлор үчүн ачык
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор менен жолукту.
Тараптар Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү бир катар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Чек ара маселелеринин чечилиши облустун инвестициялык климатынын жакшырышына жол ачты.
2025-жылы Баткен облусу боюнча тартылган чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмү 63 млн 135 миң АКШ долларына жетип, анын ичинен тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 40 млн 97 миң АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүчтөр облус инвесторлор үчүн ишенимдүү жана келечектүү аймак болуп бара жатканын көрсөтөт.
Жыл ичинде облустагы ишке ашкан ири инвестициялык долбоорлордун катарында,
-Лейлек районунун Булак-Башы айылында ачылган “Мега Газаблок” ишканасы немис технологиясы менен автоклав газоблокторун чыгарууда. Ишкананын долбоору үчүн, “Мега Газаблок” ЖЧКсы 18,0 млн доллар инвестиция салган.
-“Сүлүктү” 11-талаа көмүр кени «Кыргызкөмүр» ААК менен «Хунга Лифенг» өнөр-жай соода компаниясынын ортосунда келишимдин негизинде ачылып иштеп жатат. Көмүр кенин иштетүүгө тараптар 65,0 млн доллар инвестиция салган.
Ошондой эле күн электр станциясынын куруу багытында облус боюнча 4 миң гектардан ашуун жер трансформацияланып чет өлкөлүк инвесторлор менен инвестициялык келишим түзүлүп долбоорлор ишке ашуу алдында турат.
Атап айтканда;
-Кадамжай районунда “САН ЭНЕРДЖИ КО” ЖЧКсы тарабынан, инвестициянын көлөмү 250 млн АКШ доллары жана Баткен районунунда “Кыргыз Гуанда Новая Энергия” ЖЧКсы тарабынан, инвестициянын көлөмү 300 млн АКШ доллары болгон 2 инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинети тарабынан жактырылды.
- “Ак-Татыр Энерго” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Баткен облусунда күн электр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айыл аймагында жайгашып, жалпы суммасы 500 млн АКШ долларынан ашуун болуп, кубаттуулугу 600 МВтка жетээри пландалууда.
-2025-жылы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында дагы, Баткен облусу чектеш облустар менен стратегиялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган бир катар маанилүү эл аралык иш-чараларга катышты. Өзбекстан Республикасынын Фергана облусу жана Тажикстан Республикасынын Согдий облусу менен кызматташуу багытында макулдашууларга жетишти.
-Монголиянын Дунговь провинциясы менен жүндү кайра иштетүү жана кашемир эчкилерди өстүрүү тармагында кызматташуу мерчемделген. Бүгүнкү күндө, Монголиядан кашемир эчкилерди Баткен облусуна алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Экономикалык жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү менен катар, аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө да көңүл бурулуп жатат. 2025-жылы Баткен облусуна келген чет элдик жана жергиликтүү туристтердин жалпы саны 31 миң 697 адамды түздү. Анын ичинен 2 миң 586 адам чет өлкөдөн, ал эми 29 миң 111 адам ички туристтер болуп саналат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы