15 октябрь 2025
Кароолор: 10
Баткен – Фергана жетекчилери жолукту
Баткен – Фергана жетекчилери жолукту
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров, 16-17-октябрь күндөрү, Өзбекстандын Фергана шаарында өтүп жаткан «Фергана өрөөнү: тынчтыкка жана гүлдөп өнүгүүгө карай күч-аракетти бириктирүү» аталышындагы Фергана өрөөнүнүн Тынчтык форумунун алкагында жолугушту.
Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов жана эки облустун жетекчилиги да катышты.
Тараптар Баткен жана Фергана облустарынын соода экономикалык, маданий байланыштарын чыңдоо, туризм багытында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жетекчилер кыргыз-өзбек элинин бир туугандык мамилеси жана жакын кошуналык алакасы күндөн күнгө жакшырып жатканын айтып, боордош элдин тамыры жана келечеги бир экенинин белгилешти.
Облус башчылары алдыда, эки өлкөнүн Президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев белгилеген багытта, чектеш облустардын ар тараптуу карым катнашын өнүктүрүүнү макулдашты.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы