05 апрель 2024

Кароолор: 2

Баткен электр тармактар ишканасында 2 жаңы имарат курулууда

Учурда Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын административтик имаратынын курулушу жүрүүдө.

Учурда курулуш 60 пайызга аяктады, имарат 2024-жылдын күз айларына чейин пайдаланууга берүүсү күтүлүдө.

Административдик имаратта кызматкерлерди иштөөсү үчүн бардык жетиштүү шарттар пландалган.

Белгилей кетсек, Баткен электр тармактар ишканасынын имараты жок болгондуктан Баткен райондук электр тармактар ишканасынын имаратында жайгашып турат. Ал эми Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын имараты эскилиги жеткен.

Курулуш «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан каржыланган.

Мындан сырткары, быйылкы жылда облуста 87,8 чакырымга электр аба чубалгысы жаңыдан тартылат. 66 чакырым аба чубалгылары реконструкцияланат.

26 даана трансформатордук жаңы көмөк чордондор орнотулат жана эскилиги жеткен 23 даана трансформатордук шкафтар алмаштырылат. 4 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.

Бул иш аракеттер калкты электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы