01 апрель 2026
Кароолор: 6
Бакытбек Кошалиев Кызыл-Кыя шаарынын активине тааныштырылды
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кошалиев Бакытбек Сейтекович Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп дайындалды.
Шаардын жаңы жетекчисин шаар активине бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырып, ишине ийгилик каалады.
Бакытбек Кошалиев 1989-жылы Нарын облусунун Нарын районунун Жылан Арык айылында туулган. Кесиби экономист.
Ал эмгек жолунда;
-Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясында эсепчи
-Нарын шаардык финансы бөлүмүндө башкы адис
-Сары Ой айылдык кеңешинин төрагасы
-Нарын районунун Сары Ой айыл өкмөтүнүн башчысы
-Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы
-Нарын районунун Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы
-Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары болуп эмгектенген.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы