31 март 2025
Кароолор: 16
Бакыт Төрөбаев Элдик Курултайдын делегаттары менен жолукту

Бакыт Төрөбаев Элдик Курултайдын делегаттары менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Баткен облусуна болгон иш сапарынны алкагында, Элдик Курултайдын делегаттары менен жолукту.
Жыйында 2024-жылдын 20-21-декабрында өткөн Элдик Курултайдын делегаттарынын кайрылууларындагы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине тиешелүү, Баткен облусу боюнча маселелер каралды.
Анда делегаттардын таза суу, сугат суу жана айыл чарба тармагына тийиштүү болгон бардык маселелери каралып, жеринде суроолорго жооп берилди.
Жолугушууга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баш болгон район-шаар башчылары, айыл аймак башчылары жана айыл чарба тармагынын кызматкерлери катышып, бир катар маселелердин жеринде чечилүүсүнө шарт түзүлдү.
Бакыт Төрөбаев делегаттар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү үстүндө натыйжалуу иш алып баруу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы