23 апрель 2024

Кароолор: 2

“Баатыр элим – Баткеним” аталышындагы "Куттуу эл" республикалык улуттук форуму өттү

Форум Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилердин, Баткен облусунан чыккан мамлекеттик ишмерлердин айкелине гүл коюу аземи менен башталды.

Жетекчилер улуу инсандардын арбайына багыштап Куран окушту.

Андан соң мамлекеттик катчы,облус башчысы баштаган жетекчилер, боз үй жасалгалары жана каада-салт, жөрөлгөлөр жөнүндө жасалган улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Көргөзмөдө улуттук тамак аш менен Баткендин күрүчү жана өрүгүнөн жасалган, жергиликтүү ишкерлер өндүргөн азык түлүктөр да коюлду.

Иш чаранын алкагында 100 манасчы Манас айтты.

Жергиликтүү таланттар элдин калың катмарына сиңген кыргыз ыр, күүлөрүн аткарып, майрамды шаңга бөлөдү.

Форумдун расмий бөлүгү А.Жайнаков атындагы облустук драма театрында башталып, театрдын артисттери Баткен жергесинен чыккан белгилүү инсандардын Кыргыз мамлекетин түптөөдөгү эмгектери тууралуу сахналаштырылган композициясы тартууланды.

Иш чараны ачкан облус башчысы бүгүнкү иш чара өлкө башчысы Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий- адеп ахлактык, өнүгүүсү жана дене тарбиясы, улуттук нарк жөнүндө"кол койгон жарлыгынын жана Кыргыз жараны"концепциясын ишке ашыруу максатын да,Кара кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулганын белгиледи.

Аталган жарлык кыргыз элинин маданиятын,каада салт,үрп адатын даңазалап, аны келечек муунга мурас катары жеткирүүгө зор өбөлгө деди.

Форумда Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата - “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө өрүкзарлуу Баткенден чыккан улуу инсандардын кошкон салымы”,

“Баткен – кечээ, бүгүн, эртен” деген аталышта тарыхчылар баяндама жасашты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов,кыргыз элинин тарыхы, улуттук баалуулуктары, нарк насили, адеп ахлагы тууралуу кеңири сөз сүйлөп,Баткен элинин баатырдыгы,ынтымагы менен биримдиги, бул мурастарды аздектеп сактап, кылымдарга даңазалоодо эрки жетээрине ишеничин билдирди.

Форум жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолду.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы