12 июль 2023

Кароолор: 42

Ажылык сапардан келе жаткан жарандар үчүн “Жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулду

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, ажылык сапарга баргандарды тосуп алуу, аларга керектүү жардамдарды жеринде көрсөтүү максатында Баткен облусунда төрт “жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулду.

Алыскы ажылык сапардан келе жаткан жарандар, аба ырайынын ысыктыгынан, узак жолдон жана башка себептерден улам, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болуп калган учурда, аталган пунктка кайрылса болот. Жарандарга атайын адистер тийиштүү медициналык жардамдарды акысыз көрсөтүшөт.

“Жардам көрсөтүү” жайлары,

-Кызыл-Кыя шаарында Баткен облусунун кире беришинде

-Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын кире беришинде

-Баткен районунун Чоң-Гара айылынын кире беришинде

-Лейлек районунун кире беришинде уюштурулган.

Бул пункттар 13-14-июль күндөрү иштейт. Баткен облусунан барган ажылар 13-июлда мекенине келээри белгиленген.

Белгилей кетсек, 18-июнда Баткен облусунан 700 жаран, 17 ажы башчы ажылык сапарга жөнөп кеткен. Аларды Кызыл-Кыя шаарынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер узаткан.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы