18 февраль 2026
Кароолор: 6
Аткезчиликтин алдын алуу боюнча жаңы сунуштар айтылды
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде, аткезчиликке бөгөт коюу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери жана район-шаар башчылары катышты.
Облус башчысы өз сөзүндө жалпы Баткен облусунун элинин этке болгон керектөөсү жылына 22 миң тоннаны түзөөрүн, бирок облуска кирип жаткан малдардын саны боюнча маалыматка таянып, аткезчилик тыйылбай жатканынан кабар берээрин белгилеп, тийиштүү мекемелердин ишин сынга алды. Ошол эле учурда жергиликтүү базарларда малга болгон суроо талап жогорулаган. Натыйжада эттин баасы өсүүдө.
Мындан улам аткезчилик фактыларын азайтуу боюнча конкреттүү сунуштар ортого салынды. Алар;
-Баткен облусуна сырттан мал жандыктарын ташыган атайын ишенимдүү топторду түзүү, алар аркылуу гана эт сатуучуларды мал менен камсыздоо
-1-марттан баштап чек араны демаркациялоо иштери башталганда, алгач аткезчиликке тобокелчилик жогору болгон аймактарды тосууну тездетүү
-Жер жерлерде социалдык маанигее ээ болгон азык түлүктөр дүкөнүн ачуу менен эт, ун, май,кумшекер жана жер жемиштерди арзан баада сатууну уюштуруу.
-Баткен облусунда Кыргыз Агрохолдинг ААКнун ишин жөнгө салуу менен, кошуна мамлекеттерге малды мыйзамдуу жол менен экспорттоо
-Казакстандын практикасын пайдаланып,облуска кирген малдарга атайын белги берүүчү навигациялык пломбаларды (GPS) орнотуу
-Облуска даяр эт ташып келүүнү уюштуруу
Облус башчысы жетекчилерге сунуш пикирлерди эске алуу менен, аткезчиликке бөгөт коюунун механизмин кайра карап чыгуу, аткезчиликтин алдын алуу максатында коюлган посттордун ишин көзөмөлдөө, чек ара аймактарында иш алып баруу, аймактардагы мал базарларды иретке келтирүү, эттин баасын 700сомго чейин туруктуу кармоо тапшырмаларын берди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы