10 май 2024

Кароолор: 34

Аскер кызматкерлери үчүн жаңы футболдук аянтча пайдаланууга берилди

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын аймагында жайгашкан 2022 аскер бөлүгүнүн курамын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, алар үчүн курулган футболдук аянтчанын ачылуу аземине катышты.

Облус башчысы алгач аймактын коопсуздугун камсыздоодогу күжүрмөн эмгектери үчүн мекен сакчыларына ыраазычылыгын билдирип,"спорт-тынчтыктын жана достуктун элчиси.Спорт сиздердин кесиптеш катары ынтымагыңыздарды чыңдоого зор өбөлгө болсун"деп, мекен сакчыларына сергек жана бакубат жашоо каалады.

Бул күнү майрамдын урматына жаңы аянтчада аскер кызматкерлеринин арасында футболдук мелдеш уюштурулду.

Биринчилик үчүн 12 команда мелдешүүдө.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы