18 июль 2025
Кароолор: 13
А.Шаменов: “Эски шаарды иретке келтирүү, жаңы Баткен шаарын куруу мезгили келди”

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Жаңы Баткен шаарынын долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өттү.
Ага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, орун басарлары, облустук мекеме ишканаларынын жетекчилери, Баткен районунун жана Баткен шаарынын жетекчилери, айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары катышты.
Облус башчысы Айбек Шаменов жана Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Нурсултан Сатыбалдиевдер, жаңы шаардын долбоору боюнча толук маалымат беришти.
Андан соң жыйын катышуучулары жаңы шаарды куруу боюнча сунуш пикирлерин айтышты.
Жыйында облус башчысы азыркы Баткен шаарынын жана Баткен районунун шаарга жакын айылдарындагы абал боюнча да сүрөт баян көрсөтүп, абалды оңдоого салым кошууга чакырды.
Катышуучулар азыркы Баткен шаарынын тазалыгын сактап, инфраструктурасын чыңдоо боюнча сунуш пикирлерди кубаттап, биргеликте жаңы шаарды куруу демилгесин колдошту.
Айбек Шаменов келерки жылы Жаңы Баткен шаарын курууга 1млрд сом, эски шаарды оңдоп түзөөгө 500млн сом бөлүнөөрү пландалып жатканын айтып, мамлекеттик зор колдоолорду туура пайдаланып, аймакты өнүктүрүү учур талабы деди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы