12 январь 2026

Кароолор: 18

А.Шаменов: Баткенди өнүктүрүү мезгили келди

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, район шаар башчыларынын катышуусунда жыйын өттү.

Жаңырган жылдагы алгачкы жыйын, алдыдагы жылда облусту өнүктүрүү жолундагы иш пландарды биргелешип ишке ашыруу максатын көздөдү.

Облус башчысы жетекчилерге кайрылып, “өлкө жетекчилигинин саясий эрки менен облустун чек ара жана коопсуздук маселеси чечилген соң, алдыда аймакты ар тараптуу өнүктүрүү маселеси турат” деп белгилеп, бул багытта жетекчилерди мыйзам чегинде, зор жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды.

Ошондой эле аймактагы көйгөйлөрдү чечүү, элдин социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү багытында төмөнкүдөй тапшырмаларды койду. Алар;

-Электр энергиясын туура, максаттуу пайдалануу

-Элди көмүр отун менен камсыздоо иштерин анализдөө

-Жердерди инвентаризациялоо

-Жер мунапысын аяктоо

-Чоң базарларды иретке келтирүү

-Кызыл-Кыя жана Баткен шаарындагы базарлардын курулушу жана Баткен автобекети боюнча маселени чечүү

-Жол кырсыгынын алдын алуу боюнча натыйжалуу иш алып баруу

-Мамлекеттик органдардын кадрлар резервин түзүү боюнча сынактарга активдүү катышуу.

Ошондой эле жыйында Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомду максаттуу пайдалануу, социалдык контракт долбоорун ишке ашырууда мыйзам чегинде иш алып баруу, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, предметтик олимпиадаларынын жакшы натыйжасы үчүн шарттарды түзүү маселелери да каралып, тийиштүү тапшырмалар коюлду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы