20 январь 2026

Кароолор: 24

А.Шаменов: “алга жылалы,артка тартпагыла”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде координациялык кеңешме өттү.

Күн тартибинде коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө, жер мунапысы жана аткезчиликке каршы күрөшүүнүн абалы жөнүндө маселелер каралды.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы облус аймагында прокуратура органдары тарабынан 20 мыйзам бузуу учурлары катталган болсо, анын ичинен КОРРУПЦИЯга байланышкан 11 кылмыш иши козголгон. Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов жетекчилерге мыйзамсыз иш аракеттерден оолак болуу керектигин айтып, “облусту алга жылдыралы, артка тартпагыла, зор жоопкерчилик менен таза иштеп бергиле” деп эскертти.

ЖЕР МУНАПЫСЫН ишке ашыруу боюнча 2026-жылдын 19-январына карата комиссияга түшкөн арыздын саны 12024. Чечим чыккан арыздар 7812. Кайтарылган арыздардын саны 2455. Кароодо турган арыздар 4. Шахмат тартибинде жайгашкан жерлер 2395. Соттук кароодо 3 арыз бар. Облус башчысы жер мунапысы боюнча бир катар жетекчилердин ишин сынга алып, жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдары биргеликте, элдин жер мунапысына байланыштуу маселелерин чечүүнү аягына чыгарууну талап кылды. Аким мэрлерди жоопкерчиликтен качпай, укук коргоо органдарын мыйзам бузууну аңдыбай, биргеликте маселени чечүү керектигин баса белгиледи.

АТКЕЗЧИЛИКтин алдын алуу багытында Баткен районунун аймагына коюлган Развилка мобилдик постунан, жыл башынан бери Баткен жана Лейлек районунун аймагына 1206 баш мал өткөн. Облус башчысы бул мал жандыктары элдин керектөөсү үчүн эмес, кошуна мамлекеттерге аткезчиик жол менен өткөрүү үчүн кирип жаткандыгын далилдеген фактыларга таянып, бул мыйзамсыз иш аракеттерди токтотуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Координациялык кенеште кабыл алынган чечимдер боюнча коюлган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы