02 август 2023

Кароолор: 115

АРИС тарбынан курулуп жаткан 10 социалдык обьект жыл аягына бүткөрүлөт

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун  аткаруучу директору Марс Наспековдор,  Баткен облусунда  АРИС тарабынан курулуп жаткан  социалдык обьектилердин  курулуш  иштеринин жүрүшүнөн кабар алышты.  

Белгилей кетсек, бул курулуштар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун демилгеси менен ишке киргизилген Баткен облусундагы Экинчи  "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун  4-компонентинин алкагында ишке ашырылууда. АРИС долбоорду ишке ашыруучу агентство болуп саналат.

Иш сапарынын жүрүшүндө Марс Наспеков ушул жылдын аягына чейин бардык курулуш иштерин аяктоо жана төмөнкү 10 объектти пайдаланууга берүү пландаштырылып жаткандыгын маалымдады. Алар, 

- Баткен районундагы Б. Нарматов мектебинин кошумча окуу корпусу;

- Ак-Сай айылындагы «Жакшылык», «Эделвейс» бала бакчалары;

- Кызыл-Бел айылындагы  А. Масалиев мектебинин кошумча окуу корпусу;

- Көк-Таш айылындагы «Учкун» бала бакчасы;

-  Ак-Сай айылындагы Ходжаев мектеби

- Достук айылындагы орто мектеп

- Достук айылындагы  ФАП;

- Достук айылындагы "Бөбөктай" бала бакчасы; 

- Чоң-Талаа айылындагы орто мектеп;

- Көк-Таш айылындагы башталгыч мектеп;

Жогоруда аталган объектилердин баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылаары белгиленди.

Жетекчилер социалдык объекттерде жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын камсыздоо зарылдыгын белгилеп,курулушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.