15 май 2024

Кароолор: 35

Алдияр Матраимов мамлекеттин камкордугуна алынды

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын тургуну Алдияр Матраимовдон кабар алды.

Жаныбек Исаков Алдияр Матраимов менен баарлашкан соң, анын пенсия маселеси боюнча эмгек жылдарын териштирүү,мыйзам чегинде каралган пенсия менен камсыздоо маселесин Баткен райондук социалдык фонддун жетекчисине жана Баткен шаарынын Булак-Башы кварталынын башчысы Ачыл Турдубаевге тапшырды.

Ал эми ден соолугун текшерип, зарылчылыгына жараша керектүү дарылануудан өткөрүү боюнча облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Арзыбек Бөрүбековго тапшырма койду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Таалай Айткулов, Алдияр Матраимов жашаган үйдүн кооптуулугу боюнча көрсөтмө берди.

Мындан улам Жаныбек Исаков, Алдияр атаны Сүлүктү шаарындагы карылар үйүнө убактылуу жайгаштыруу сунушун айтты.Матраимов макулдугун берди.

Белгилей кетсек, Булак-Башы кварталынын башчысы Ачыл Турдубаев, айыл жаштары атага үй куруу демилгесин көтөрүп жатканын билдирди.

Жаныбек Исаков облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин атынан, атага акчалай жардамын тапшырды.

Аны менен катар ӨКМ Баткен облустук башкармалыгынын атынан, жетекчиси Т.Айткулов да материалдык жардам тапшырды.

Белгилей кетсек, 65 жаштагы Алдияр Матраимовдун жашоосу тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жарыяланып, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал шарты жок, авариялык абалдагы үйдө жалгыз жашоо кечирип келген.Көп жыл бою базарда араба түртүп иштеген ата, акыркы кезде ден соолугуна байланыштуу жумушка чыга албай, материалдык жактан кыйналып калган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы