21 май 2025
Кароолор: 16
“Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү жөнүндө облус башчысынын буйругу чыкты

2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоочу салтанаттуу иш- чараларды уюшкандыкта өткөрүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругу чыкты.
Ага ылайык;
Бардык жалпы билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш- чаралар мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулук менен ата-энелердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт.
Билим берүү мекемелеринин аймагында ата-энелердин, коомчулуктун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен “Мектеп коопсуздук кызматы” уюштурулат.
Балдардын өмүрүнө жана саламаттыгына кооптуу болгон ар кандай иш чараларды өткөрүүгө, акча топтоого, мектеп базасынан сырткары майрамдык салтанаттарды, бүтүрүү кечелерин уюштурууга жана жаратылышта эс алуу иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынат.
Салтанаттуу иш-чаранын соңунда бүтүрүүчүлөрдүн автоунаа менен көчөлөрдө жүрүүсүнө тыюу салынат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы