28 сентябрь 2023

Кароолор: 47

Акыйкатчы Баткенде

Бүгүн 28-сентябрда КРнын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева Баткен облусуна иш сапары менен келди.

Акыйкатчы облус активи жана жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрүп, аймактагы актуалдуу укуктук маселелер ортого салынды.

Жыйынга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган облустук деңгээлдеги укук коргоо жана муниципалдык органдардын жетекчилери да катышты.

Жарандардын бир катар укуктук маселелери акыйкатчы менен укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда каралып, жеринде, ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Акыйкатчы Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы бир катар социалдык обьекттерден кабар алып, айыл тургундары менен жеринде жолугушууларды өткөрүүдө.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы