23 декабрь 2025
Кароолор: 17
Айыл өкмөт башчысы кызмат орундарына сынак жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кирүү үчүн сынак жарыялайт.
Сынак үч этапта өткөрүлөт:
Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин кароо.
Экинчи этап– компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн ЧУА тизмеси).
Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна квалификациялык талаптар:
– жогорку билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар.
Сынакка катышууну каалаган адамдар тийиштүү мамлекеттик порталдагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматтагы өтүнмөнү берет.
Катышуучу оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет:
– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;
– эмгек китепчеси;
– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер (болсо);
– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Агенттиктин аймактар аралык башкармалыктары:
Дареги: Баткен ш. Т.Садыков көчөсү 1, (КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, 1- кабат).
Кошумча маалымат алуу үчүн байланышуу тел.: (03622) 5-02-93.
Документтер электрондук форматта 2025-жылдын 23-декабры саат 24:00гө чейин kyzmat.gov.kg порталы аркылуу кабыл алынат.
Толук маалымат шилтемеде
https://kyzmat.gov.kg/kg/vacancies/7131