29 май 2025

Кароолор: 8

Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолуна асфальт төшөө иштери башталды

Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолуна асфальт төшөө иштери башталды

Бүгүн КРнын Президентинин Баткен облусунлагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов аталган жолдун курулуш иштеринен кабар алып, айыл аксакалдарынын катышуусунда,жолду асфальтоого старт берилди.

Жолдун жалпы узундугу 24км.

Быйылкы жылдын эсебинен республикалык бюджеттен каржыланып, жолдун 5км аралыгына асфальт төшөлүүдө.

Беш чакырым аралык Айгүл-Таш айылы менен Согмент айылын байланыштырган аралыкта.

Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолун Баткен районунун Алтын-Бешик, Суу-Башы,Кара-Бак айыл аймактарынын жалпы 15 айылынын тургундары пайдаланат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы