29 июль 2025

Кароолор: 5

Айбек Шаменов Кызыл-Кыя шаарында жарандарды жеке кайрылуулары боюнча кабыл алды

Облустун борборуна барууга шарты жок, алыскы аймактардын жашоочуларынын, улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү, же турмуш шарты оор жарандардын, жеке маселелеринин чечилүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү, алардын маселелерин жеринде чечүү максатында, облус башчысынын жарандарды кабыл алуусу, жер жерлерде уюштурулуп жатат.

Бүгүн 29-июлда, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, жарандарды жеке кайрылуулары боюнча Кызыл-Кыя шаарында кабыл алып, бир канча жарандын маселесин жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул ирет облус башчысынын көчмө кабылдамасын угуп, шаардын 100гө жакын тургуну келген. Алар укуктук, социалдык, үй-бүлөлүк жеке маселелер, шаардагы айрым коомдук маанидеги маселелер менен келишип, бул мүмкүнчүлүк үчүн, облус башчысына ыраазычылык билдиришти.

А.Шаменов, “ар бир жарандын кайрылуусу өз убагында каралып, тийиштүү жардам көрсөтүлүүгө же багыттама берилүүгө тийиш” деп белгилеп, шаардын жетекчилерине тапшырмаларды койду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы