12 ноябрь 2025

Кароолор: 6

Айбек Шаменов чек арадагы Раззаков айылынын эли менен жолукту

Жергиликтүү элди угуу, социалдык-экономикалык маселелерди жеринде талкуулоо жана тийиштүү чечимдерди кабыл алуу максатын көздөгөн облус башчысынын сапары Лейлек районунун Раззаков айылында уланды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Раззаков айылынын тургундары менен жолугушуусуна, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жолугушууда эл менен ачык пикир алмашуу болуп, таза суу, электр энергиясы, жол жана башка социалдык маселелер боюнча бир катар суроолор болду. Жетекчилик тарабынан ар бир маселени чечүү жолдору жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле облус башчысы элди чек ара аймактарында аткезчиликтен оолак болууга чакырды. Мыйзамсыз иш аракеттерге барбай, кошуна өлкөлөрдүн жарандары менен, ынтымакта, мыйзам чегинде алака жасоо керектигин белгиледи.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы