08 апрель 2025

Кароолор: 12

Айбек Шаменов Алексей Рогов менен жолукту

Айбек Шаменов Алексей Рогов менен жолукту

Бүгүн 8-апрелде КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту.

Айбек Шаменов өз сөзүндө “ЕККУ Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүүдө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө биз үчүн маанилүү деп, Баткен облусуна көрсөткөн консультациялык жана техникалык колдоо, үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, айлана чөйрөнү коргоо маселелери боюнча калктын маалымдуулугун арттыруу, чакан жана орто бизнес жаатында кызматташууларды мындан ары да өнүктүрүү маселелерин сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, аталган уюмдун колдоосу менен буга чейин Баткен шаарында консалтинг борбору ачылган. Борбор Баткен облусундагы ишкерлерге бизнес, каржы жана салык маселелери боюнча консультацияларды, ошондой эле юридикалык жардам жана SMM боюнча консультацияларды берип, жигердүү ишин улантууда.

Тараптар мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүү менен Баткен облусунда көрүнүктүү натыйжаларга жетишүүнү макулдашты.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы