23 сентябрь 2024

Кароолор: 30

А.Алимбаев: муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү учур талабы

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин, муниципалдык кызматтарды санариптештирүүнү илгерилетүү боюнча койгон тапшырмасына ылайык, өкүлдүн коомдук башталыштагы кеңешчиси Бекболот Мадымаровдун жетекчилиги астында, Баткен облусунун айыл өкмөтүнүн башчылары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында болушту.

Кыргыз-Ата айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн биллинг системасы ийгиликтүү ишке ашырылган.

Мындан улам, Баткен облусунан барган топ, бул багытта кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү системасынын иши менен таанышышты.

Тагыраагы таштанды чыгаруу, ичүүчү суу, сугат суу жана башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алууда электрондук ыкмаларды колдонуу тажрыйбасына күбө болушту.

Иш чаранын жүрүшүндө муниципалдык ишкананын өкүлдөрү каржылык туруктуулукту жогорулаткан жана тургундар үчүн тейлөөнүн сапатын жакшырткан аракеттер менен бөлүштү.

Бул иш-чара муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жолундагы маанилүү кадам болуп, айыл жеринде да шаардагыдай жашоонун жана тейлөөнүн жогорку стандарттарына жетүү мүмкүн экенин көрсөттү.

Бул сапардын максаты - төлөм процесстерин жакшыртуу, жергиликтүү тургундар үчүн тейлөөнү жөнөкөйлөтүү үчүн заманбап технологияларды пайдалануу болуп саналат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы