23 сентябрь 2024
Кароолор: 34
А.Алимбаев мекендештерди мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

“Урматтуу мекендештер!
Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Кыргыз тили-улуу тил.
Тилибиз-байыркы түптүү эл экенибиздин далили. Бай тарыхыбыздын, маданиятыбыздын башаты.
Мамлекеттик тилибиз баа жеткис мурасыбыз, башкы байлыгыбыз жана зор сыймыгыбыз.
Кыргыз эли эгемендүүлүккө жетүү тарыхында, канчалаган оор мезгилдерди басып өтсө да, эне тилин жоготкон жок.
Ошондуктан муундан муунга таберик болуп келаткан эне тилибизди барктап, даңктап алуу биздин милдет.
Ар бир кыргызмын деген инсандын кыргыз тилинде сүйлөөсү, эне тилин сактоого болгон биринчи кадамы.
Андан ары, көп улуттуу элибиз мамлекеттик тилибизди баалап, сыйлап, заман агымына жараша өнүктүрүүгө тийишпиз.
Эгемендүү Кыргызстаныбыздын символу болгон Мамлекеттик тилибиздин кабыл алынган күнү кут болсун.
Эне тилибиз-башкы улуттук баалуулук катары ар бирибиздин жүрөгүбүздө деп ишенем.
Кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болсун.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор А.Алимбаев