20 ноябрь 2024
Кароолор: 50
А.Алимбаев: Балдар үчүн жаңы жылдык белектер жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясынан жасалууга тийиш

Бүгүн 20-ноябрда, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, баткендик ишкерлерди чакырып, JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында чыгарылып жаткан продукцияларын көрдү.
Облус башчысы быйылкы жылы Баткен облусунун аймагында балдар үчүн жаңы жылдык белектерди даярдоодо, экологиялык жактан таза, натуралдуу, заманбап технология менен, дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык өндүрүлүп жаткан сапаттуу, пайдалуу азыктарга көңүл буруу зарылчылыгын белгиледи.
Бул боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү суроо талапка ылайык, продукциянын көлөмүн камсыздоону тапшырды.
Максат-жаш балдарды ден соолукка пайдалуу, уникалдуу таттуулар менен кубантуу жана жергиликтүү ишкерлерди колдоо.
Ишкерлердин алдын ала сунушу боюнча, белектин курамында төмөнкү продукциялар бар.Алар,
Өрүк, шабдаалы, жүзүм ширеси
Өрүктөн жасалган айгүл токочу
Кургатылып, ваакумдалган өрүктөр
Өрүк, жаңгак жана бал кошулган батончиктер
Нукура таттуулары
Туз, кант, өрүк кошулган куруттар
Желе, мармелад жана башкалар бар.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы