13 октябрь 2024
Кароолор: 69
"Баткен тарыхы-улуттун руханий казынасы" илимий конференциясы

Бүгүн Баткенде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 25 жылдыгына арналган "Баткен тарыхы-улуттун руханий казынасы"- аттуу эл аралык илимий практикалык конференция өтүүдө.
Конференцияны КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ачып, иш чаргаа чакырылган облустун түзүлүү тарыхына салым кошкон инсандарга кайрылып, “Баш болуу — оңой, баштап кетүү — кыйын” деген сөз бар. Андыктан биз бүгүн сиздер салган чыйыр жолдо өнүгүүгө карай өрүш алып баратабыз. Сиздерге Баткен облусунун түптөлүүсүнө, өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымыңыздар үчүн өзүмдүн жана Баткен элинин атынан ыраазычылык билдирем” деди. Ошондой эле акыркы мезгилде Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүү мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыты катары белгиленип, мамлекетик зор колдоолор ишке ашып жатканына токтолду.
Иш чарага КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев,Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактияр Калпаев ж б мамлекеттик органдардын жетекчилери, Россия Президентинин Администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова, өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов ж б чет элдик коноктор сөз сүйлөп, Баткен облусунун 25 жылдыгы менен куттуктап, аймакты онүктүрүү багытында кызматташуу пландары менен бөлүшүштү.
Конференциянын салтанаттуу бөлүгүнүн соңунда Баткен облусунун жана Баткен шаарынын өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга ыйгарым укуктуу өкүл А.Алимбаев жана шаар мэри И.Буркановдор сыйлыктарды тапшырды.
Иш чара Баткен облусунун тарыхы жана келечеги тууралуу илимий докладдар менен уланууда.
Белгилей кетсек, иш чара Баткен Мамлекеттик Университети тарабынан уюштурулуп, келген коноктор окуу жайдын дараметин чагылдырган көргөзмө менен да таанышып чыгышты. Белгилей кетсек окуу жай Баткен облусунун түзүлүүсү менен аймакта кадр маселесин чечүү максатында уюшулган алгачкы жана жалгыз жогорку окуу жайы болуп эсептелет.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү