Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Жаңы дайындоо

Жаңы дайындоо
Сатыбалдиева Жумагүл Кадыровна, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Бугүн Ж.Сатыбалдиеваны КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов райондук администрациянын аппаратына тааныштырып, ишине ийгилик каалады.
Ж.Сатыбалдиева буга чейин КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укктуу өкүлүнүн уюштуруу инспектордук кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүндө башкы адис кызматында иштеп келген.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы