Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Зардалы айылына Президент тарабынан тез жардам унаасы тапшырылды

Зардалы айылына Президент тарабынан тез жардам унаасы тапшырылды

14-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, Баткен районунун эң алыскы, шарты катаал Зардалы айылына иш сапар менен барышты.

Облус башчысы менен катар, орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана Баткен районунун акими Данил Иманалиевдер да барып,элдин турмуш шартынан кабар алышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында, өзгөчө алыскы айылдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда.

Бул күнү облус башчысы айылга Президент тарабынан берилген, заманбап, толук жабдылган тез жардам унаасын тапшырды.

Жетекчилилер Зардалы айылына баруучу жаңы жолдун курулушун да көрүштү.Учурда узундугу 17чакырым болгон жолду жардыруу,кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө.

Эске салсак, өткөн жылы айылга өлкө башчысы келип кеткен, андан соң айылга электр энергиясы жана уюлдук байланыш жеткирилген.

Иш сапар учурунда жетекчилер айыл эли менен жолугушуу өткөрүп, алардын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү, туризмди өнүктүрүү маселелерин ортого салышты.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы