Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Кесиптештер!

Сиздерди 23-июнь — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул жогорку жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана адилеттүүлүктү талап кылган абдан маанилүү кызмат.

Сиздердин ар бир күндүк эмгегиңиздер коомдун турмушунда тартипти, туруктуулукту,ар тараптуу өнүгүүнү жана жарандардын ишенимин камсыз кылууга багытталган.

Сиздердин ак ниеттүү эмгегиңиздер, өз ишиңиздерге болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиздер жана элге болгон камкордугуңуздар коомубузда позитивдүү өзгөрүүлөргө себеп болот.

Бул багытта, өлкөнүн, анын ичинде аймактын өнүгүүсүнө багытталган аракетиңиздерден жазбай, элдин ишенимин актай бересиздер деп терең ишенем.

Баткен облусу өнүгүү мүмкүнчүлүгү кенен аймак.

Өлкө жетекчилигинин зор саясий эрки менен, облустун чек ара маселелери тынчтык жолу менен чечилди.

Буюрса облус орчундуу көйгөйлөрдөн арылып, туруктуулук,тынчтык орноду.

Облус өнүгүүгө карай багыт алды.

Буюрса, мамлекеттин колдоосу, жергиликтүү бийлик менен элдин биргелешкен аракети менен, аймак заман агымына жараша өнүгөт деп терең ишенем.

Майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм!

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

генерал-майор А.Шаменов