Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Тажикстанга аткезчилик жол менен мал өткөрүп жаткан жаран кармалды

2025-жылдын 11-февралында саат 21:15 чамасында Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык жергилигинде аткезчилик жол менен мал жандыктарын чек арадан өткөрүп жаткан жаран кармалды.

КРнын жараны, 1983-жылы туулган Эргешов Фарходжон Турсунбаевич, Кыргыз Республикасынын аймагынан Тажик Республикасынын аймагына 2 баш уй жана 1 музоону аткезчилик жол менен өткөрүүгө аракет кылып жатканы аныкталып, чек арачылар тарабынан кармалган.

Бул боюнча учурда мыйзам чегинде тийиштүү иш аракеттер жүрүүдө.

Белгилей кетсек, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, Баткен облусунун аймактарында аткезчиликке жол бербөө максатында мобилдик топтор түзүлүп, чек ара аймактары дыкат көзөмөлгө алынган. Жергиликтүү тургундарга аткезчиликке барбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Ага карабай мыйзамсыз иш аракеттерге барган жарандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертебиз.