Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Сел кесепеттерин жоюу иштери облус башчысынын көзөмөлүндө
Сел кесепеттерин жоюу иштери облус башчысынын көзөмөлүндө
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кадамжай районунун аймагындагы селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Учурда аймакта облустун жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 1-май күнү кечинде Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагында тоолорго жааган жаандан улам сел жүрүп, Алга айылындагы 2 кафенин жана 6 турак үйдүн жер төлөлөрүнө сел суулары кирип, 1 электр мамысына зыян келтирген. Ошондой эле Алга–Шыбран ички чарбалык унаа жолунун болжол менен 4 чакырым бөлүгү жабыркаган.
Мындан тышкары, Ак-Өргө жана Жаңы-Чек айылдарынын ички жолдорунда да сел жүргөн.
Ошондой эле 1-майдагы жаандан кийин Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында да сел жүрүп, унаа жолдорго, сугат суу жана таза суу түтүктөрүнө зыян келтирген. Лейлек районунда 2 турак үйдүн жер төлөлөрүнө жана 6 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген.
Жарандар жана мал жандыктары жабыркаган эмес.
Учурда бардык аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы



