Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Өзбекстандын медиа өкүлдөрү Баткен облусунда иш сапар менен болушту
Өзбекстандын медиа өкүлдөрү Баткен облусунда иш сапар менен болушту
Өзбекстан Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Баткен облусуна иш сапары менен келишти. Медиа өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов кабыл алды.
Жолугушууда эки элдин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, кызматташууну кеңейтүү жана туризм тармактарын өнүктүрүү брюнча, маалымат мейкиндигиндеги өз ара кызматташтыкты арттыруу, чектеш аймактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуулар болду.
Иш сапардын жүрүшүндө өкүл Айбек Шаменов, конокторго жакында курулушу баштала турган “Жаңы Баткен” экологиялык шаары тууралуу маалымат берип, долбоордун максаттары жана багыттары менен тааныштырды.
Өзбекстандын медиа өкүлдөрү УТРК “Баткен” телеканалына жана «Баткен таңы» облустук гезитине барышып, жергиликтүү маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана маалымат таратуу шарттары менен жакындан таанышышты.
Кыргызстандын алыскы аймагында иш алып барган журналисттер үчүн түзүлгөн шарттар, заманбап жабдуулар жана маалыматты ыкчам жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү өзбекстандык коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Андан сырткары, УТРК “Баткен” телеканалынын түз эфиринде эки өлкөнүн журналисттери маалымат аркылуу ынтымакты жана кызматташтыкты чыңдоонун мааниси тууралуу маектешти.
Мындай жолугушуулар эки өлкөнүн медиа өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө, маалымат мейкиндигиндеги байланыштарды чыңдоого жана чек ара аймактарында биримдикти бекемдөөгө өбөлгө болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусундагы журналисттер Фергана облусуна иш сапар менен барып келишкен. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин кол койгон эки тараптуу кызматташтык боюнча документтердин алкагында ишке ашырылууда.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы





